КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек: нускалардын айырмасы
м (Temirkan moved page КАСЫМБЕКОВ 2 to КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАСЫМБЕКОВ</b> '''Мырза Фазылбек''' (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы – 14. | <b type='title'>КАСЫМБЕКОВ</b> '''Мырза Фазылбек''' (1863, [[Бадахшан]], Шунган кыштагы – 14. 02. 1919, [[Ош]]) – тарых­чы, чыгыш изилдөөчү, географ жана саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. [[Орто Азия]] жана коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, эт­нографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын ба­шында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары [[Кашкар]], [[Тибет|Ти­бет]], [[Гиндикуш]], [[Памир]] (1888–1889), Түркия (1896), [[Афганстан]]дагы (1903–1904) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсеп­телет. 1911–13-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетек­теген. 1917-жылы уулу Санжар [[Касымбеков]] м-н бир­ге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар кол­дуу болуп өлгөн. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
04:59, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы – 14. 02. 1919, Ош) – тарыхчы, чыгыш изилдөөчү, географ жана саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. Орто Азия жана коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, этнографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын башында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары Кашкар, Тибет, Гиндикуш, Памир (1888–1889), Түркия (1896), Афганстандагы (1903–1904) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсептелет. 1911–13-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетектеген. 1917-жылы уулу Санжар Касымбеков м-н бирге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар колдуу болуп өлгөн.