КЯХТА КЕЛИШИМИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЯ́ХТА КЕЛИШИМИ (1727) – Россия м-н Кытайдын ортосундагы 1691-ж. манжурлар басып алган аймактагы чек араны белгилөө ж-а орус-кытай соода мамилелери ж-дөгү келишим. 1727-ж. 21-октябрда орус элчиси С. Л. Владиславович-Рагузинский ж-а Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү – Чабин, Тегут ж-а Тулишендер Кяхта д-нын жээгинде жолугушуп, орус-кытай чек арасын аныктоо ж-а соода байланышын чыңдоо ж-дө келишимге кол коюшкан. Бура келишиминин (1727) негизинде орус-кытай чек арасы такталып ж-а соода тартиби белгиленип, Пекинде орус дин кызматын ачууга Цинь өкмөтүнүн макулдугу бекемделген. К. к. элчилерди кабыл алуу, дипл. кат алышуу шарттарын ж. б. маселелерди аныктаган. К. к. 19-к-дын ортосуна чейин орус-кытай мамилелеринин укуктук негизи болгон.