КЮСЮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЮ́СЮ – Япониянын түштүгүндөгү арал. Тынч океан ж-а анын деңиздери (Чыгыш Кытай, Ички Япон) ж-а кысыктары (Корей, Симоносеки, Бун­го) м-н чулганат. Аянты 42 миң км2. Батыш, түн. ж-а түш. жээктери булуң-буйткалуу, чыгы­шы тегиз. Тоолуу, бийикт. 1788 мге чейин (Куд­зю чокусу); аракеттеги жанартоолор (Асо, Ки­рисима ж. б.) бар. Климаты субтропиктик; түштүгүндө тропиктик муссондук. Жылдык жаан-чачыны 3000 ммге чейин. Тайфун болуп турат. Дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө токой, шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Шалы, дан өсүмдүктөрү, бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки эгилет. Таш көмүр кени бар. К-да Кита­кюсю, Фукуока, Кумамото, Кагосима, Нагаса­ки ж. б. ири шаарлар жайгашкан. Аралдын аты япончо «Тогуз жер» деген маанини билдирет; анткени К. аралы адм. жактан 9 провинцияга бөлүнөт.