КЮРИЙ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЮ́РИЙ (лат. Curium), Сm – элементтердин
мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобундагы актиноиддерге кирүүчү жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү хим. элемент. Ат. н. 96, ат. м. 247. К-дин массалык
сандары 238Cm – 252Cm болгон 15 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 247Cm. Аны Т. Сиборг, А. Гиорсо, Р. Жеймс ж-а А. Морган ж. б. амер. окумуштуулар плутонийди y – бөлүкчөлөр м-н бомбалоодон алышкан.
Пьер ж-а Мария Кюрилердин атынан аталган. К. – күмүш түстүү жалтырак металл; эрүү
t 1340оС; кайноо t 2607оС; бирикмелеринде +2,
+3, +4 ж-а +6 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт. К. суутек, кычкылтек ж-а галогендер м-н өз ара аракеттенип, гидриддерди, кычкылдарды, галогениддерди пайда кылат, К. күчтүү калыбына келтиргич, активдүү металл. Космосту изилдөөдө, электр тогунун генераторлорунун тетиктерин жасоодо колдонулат.