КЮРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЮРИ́ Пьер (15. 5. 1859, Париж – 19. 4. 1906
ошол эле жер) – фр. физик. Франция ИАнын
мүчөсү (1905), Нобель сыйл. (1903) лауреаты. Париж ун-тин бүтүрүп (1877), анда ассистент
болуп иштеген. 1882–1904-ж. Парижде физика,
химия мугалими, Париж ун-тинде проф. (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, магнетизм ж-а радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Кюри м-н бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан ж-а изилдеген (1880). Кристаллдардын симметриясын (Кюри принциби)

ж-а жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магниттик кубулуштарды изилдөө К-ге парамагниттик заттардын магниттик кабылдоосунун абс. темп-рага көз карандылыгын (Кюри закону) аныктаган ж-а ферромагниттик материалдар парамагниттикке айлануучу
(Кюри чекити) өзгөчө темп-раны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы М. Склодовская-Кюри м-н бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын ж-а бул нурдун таасиринен айнек м-н фарфордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-ж. К. радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара турганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биол. таасирин да изилдеген.
Ад.: Кюри М. П. Кюри. М., 1968.