КЫРТЫШТЫН СУУ РЕЖИМИ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРТЫШТЫН СУУ РЕЖИМИ – топурак кыртышынын нымдуулугу, суу сиңириши, суунун кыртыштагы кыймыл-аракети, чыгымдалышы, өсүмдүктөргө сиңиши. Мында топурак кыртышынын пайда болушу ж-а түшүм берүү жөндөмдүүлүгү негизги факторлордон болуп саналат. Нымдуулук атм. жаан-чачынга, кыртыш суусунун тереңдигине, аз-көбүнө, тоо тектеринин мех. курамына байланыштуу. Кыртыш канчалык борпоң ж-а майда көзөнөкчөлүү болсо, ошончолук ным көп болот. Чополуу кыртышта ным капилляр көзөнөкчөлөрү аркылуу өтө жай кыймыл-аракетке келип, 4 м бийиктикке көтөрүлөт. Борпоң кыртышта ным бийик көтөрүлбөй, кыртышка тез тарап кетет. Суу кыртыштын курамында суюк, буу, муз, ным түрүндө жолугат. Жабышкак, бош, эркин абалда болот. Бош суу оордук күчүнүн таасири астында кыймыл-аракетке келет, агат, сиңет. Топурак кыртышындагы нымдын сакталышы айдап себүүгө, сугарууга, структурасын өзгөртүүгө, кыртыштын курамына, түзүлүшүнө, физ. касиеттерине, климаттык шартка, аба ырайына, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө байланыштуу болот.