КЫРК-КЕЧҮҮ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРК-КЕЧҮҮ КАПЧЫГАЙЫ , К ы р к - К е ч и к к а п ч ы г а й ы Алай кырка тоосунун түн. капталында; Кара-Суу р-нунун аймагында. Кырк-Кечүү суусу (Ак-Бууранын оң куймасы) аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 40 кмге созулат. Таманынын жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 300–500 м, жапыз жери 1250– 1260 м, бийик жери 2700–2800 м бийикте. Капчыгай суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүү процессинен пайда болгон. Девон м-н карбондун кумдук, акиташ, алевролит, конгломерат ж. б. тоо тектеринен турат. Капчыгайдын төрү тепши сымал келип, байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары кездешет. Ортоңку бөлүгү кууш, айрым жерлери тик; антецеденттик капчыгай. Төмөнкү бөлүгү кеңейип, бир нече тектирди пайда кылат да, Ак- Буура суусунун өрөөнүнө өтөт. Ландшафтында талаа (2200 м бийикке чейин), арча токойлору ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2200– 2800 м) басымдуу. Таманында бадалдуу токойлор кездешет. Капчыгай аркылуу жайкы жайытка мал айдалат.