«КЫРГЫЗ ТУУСУ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
«КЫРГЫЗ ТУУСУ» – улуттук башкы гезит.
Мурда Кырг-н КП БКнын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму м-н Мин. Советинин органы болгон. 1924-жылдын 7-ноябрында «Эркин-Тоо» деген ат м-н араб тамгасында биринчи саны жарыкка чыккан. Гезиттин алгачкы
алты саны Ташкенттен, ал эми жетинчи санынан баштап Пишпектен чыгарыла баштаган. Аны чыгарууга 4 эле киши катышкан: биринчи редактору: О. Алиев, жооптуу секретары: С. Карачев, кабарчысы: Х. Карасаев, корректору:
М. Акматов болгон. 1927-жылдан «Кызыл Кыргызстан», 1956-жылдан «Советтик Кыргызстан», 1991-жылдан «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн. Коомдук-саясий, экономикалык, маданий ж-а социалдык ж. б. маселелерди камтыйт. «К. т.» Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (1958).
Башкы редакторлору: О. Алиев (1924–26), Ш. Көкөнов (1925–27), К. Тыныстанов (1925), Т. Айтматов (1926), Б. Исакеев (1927), К. Рахматуллин (1927–36), А. Токомбаев (1928), С. Сарманов (1936–37), М. Токобаев (1937–38), М. Дөгдүров (1940–44), А. Сопиев (1944–55), К. Каракеев (1946–49), Т. Усубалиев (1955–56), А. Токомбаев (1956–58), Т. Суванбердиев ( 1958–63), Н. Жаналиев (1963–70), А. Абакиров (1970–72), Ж. Турсунов (1972–86), Т. Ишемкулов (1986–93), К. Раматов (1994–96), А. Матисаков (1993–94; 1996–2005), Ж. Саалаев (2006–08), К. Молдокасымов (2008–10), Б. Орунбеков (2005–06; 2010-
жылдан).