КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ «Кыргыз тили» деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексика­лык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыс­кы ж-а жакынкы тектеш түрк тилдерине бир­дей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени ти­либиздин пайда болуп ж-а кылымдар бою өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон, ички ж-а сырткы таасирлердин натыйжасында өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сак­тап калуу м-н бирге лексика байлыгы улам ар­бып, грамматикалык айрым бир кубулуштары өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал – тарых, социология, философия, коом таануу ж-а тил илимдерде «урук», «уруу», «эл», «улут» түшүнүктөрү жалпы идеол. көз-караш­тын өзгөрүүсү м-н ар түрдүү колдонулуп жүр­гөндүгү байкалат: мис., Байыркы Кытай жыл­баяндарында (б. з. ч. 2-к.) «кыргыз эли» – «кыр­гыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы ж-дө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик ада­бий тил» ж-а «жазма адабий тил» деген тер­миндер м-н аталып айырмалангандыгы туура­луу ж-а алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула баш­ташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар.
Бул маселелер алгач 1950–60-жылдары кыр­гыз тил илиминин теоретиги акад. Б. М. Юну­салиев тарабынан козголуп, Кырг-н б-ча изил­денген ж-а «кыргыз диалектологиясынын не­гиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер м-н салыштыруу аркы­л у у гана чындык к а жет ишү үгө бол ору н изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин байыркы – «жансыз» деп эсептелген фактыла­рын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар ж-а алардагы жандуу көрүнүштөр м-н салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (б. а. түрк, моңгол-манжур ж-а финн-угор) катарына ки­рери белгилүү. Ал эми анын өнүгүү тарыхы акад. Б. М. Юнусалиевдин пикири б-ча 3 мез­гилге: Байыркы, Орто ж-а Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили 7–12-к-ды камтып, кыргыздардын Енисейден батышты көздөй жер которуп, Иртыш д-нын аралыгындагы аймактарга (б. а. Минуса ойду­ңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичи­не алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтор­дун ортонку муунунан [адак – бут (нога)], этиш­терде сөз аягынан [«код» – кой (поставь)] маа­нисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай фор­мада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мез­гилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор,

тыва ж-а тофалардын байыркы ата-бабалары­нын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип «д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандай­дыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалек­тилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу – бардыгы­нын жалпы адабий тили катары эсептелген ж-а «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылык­тын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозе­ки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү бо­луп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) ж-а «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлун­цзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыз­дарында сакталып калышы жогорудагы пикир­ди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: коз­го, козут» ж-а «кой» – поставь; «айак» (орф. «аяк») – нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт.
Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тили­нен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозе­ки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчө­лүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-к-дын орто ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур каганды­гын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили ж-дө сөз болгондо анын абалы ж-дө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар м-н шор­лордун тилдери) байкалат. О. эле байыркы кыр­гыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндеш­кен: «тогос» – девять, «козон» – заяц, «тухул» (монг. «тугал») – телёнок (салышт.: азыркы кырг. «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» – высокий; «бир» – один; «ж»: «жол» – дорога, «жи» – «же» – кушать.
Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» – тяжёлый; «агыс» – рот; сөздүн аягында деле – ошол тыбыш: «са­рыг» – жёлтый; «суг» – вода ж. б. Бул мезгил­дин аяк ченинде (11–12-к.) кыргыз тилинин кыпчак тилдери м-н аралашуусу башталат. 2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13– 14-к-ды камтып, бул аралыкта кыргыз уруула­рынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн на­тыйжасында Түш. Алтайды көздөй көчүп, жерг. Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (б. а. өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили батыш «й»чыл тилге айланат, мис., «айак» – нога; «кой» – класть, положить. Бул мезгилде жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылык­тар м-н бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай берген­диги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң ба­шында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жай­гашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. Маловдун аныктамасы б-ча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз ти­линин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыр­гыз тилдик айырмачылыктардан башка созул­ма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакта­лып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде тап­такыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лоб­нор тилин кыргыз тили м-н жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы ж-а азыркы түрүнө да, о. эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү: «йол» – дорога, «йаз» – весна, «йел» – ветер.
Сөз ортосунда – «г»: «агыз» – рот, уста; «агый» – хворать, «таг» – гора. Ал эми бардык кыргыз диалектилерине мүнөздүү «с\\з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар м-н гана эмес, хакас, тыва ж-а якут (саха) тилдерине окшош­турат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жо­горуда белгиленген «з» мезгилинен калган ра­ритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (Тянь- Шань) мезгили 15–16-к-га туура келип, элибиз­дин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь- Шанга көчүп келип, андагы жерг. уруулар м-н аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тил­дик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун на­тыйжасында (мис., «чекилдек» ж-а «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгили­не мүнөздүү «чигил», муну м-н семантика түзүлүш жагынан «чийкил» ж-а «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диа­лектилик ж-а айтымдык белгилери камтылган өзгөчөлүктөрү м-н калыптана баштайт. Бол­гондо да эң байыркы белгилери көбүнчө түндүк диалектилери сакталгандыгы байкалат. Ал эми азыркы кыргыз тили жалпысынан «й»чыл тил; орунбасар ( б. а. кийин пайда болгон) созулма­лар; эриндешүүсү өтө күчтүү; сөз башы «ж»чыл; сөздүн ортосунда ж-а аягында «г»нын дифтонг­дошуусу же үндүүгө айланышы мүнөздүү. Ал эми лобнор тилинде «г» бардык позицияларда сак­талып калгандыктан, кыргызчада анын жого­рудагыдай өзгөрүүгө дуушарланышы кыргыз тилинин тарыхынын орто мезгилинин аяк че­нине туура келет деп болжолдоого негиз берет.


Ад.: Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании обшенародного языка //Труды Института языка и

литературы АН Киргизской ССР. Ф., 1956; Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.-Л., 1952; Убрятова Е. И. Вопросы диа­лектологии тюркских языков. Баку, 1963; Кычанов Е. И. Сведения в «Кань-ши о переселениях киргизов в 13 в. (публикация источников)\\ Известия АН Киргизской ССР. Серия обществ. наук-5 (история). Ф., 1963; Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношение с ойротами в 13–15 вв. н. э. Ф., 1961; Тенишев Э. Р., Орузбаева Б. О. Формирование киргизского языка. //История Кир­гизии (5-е изд.). Т. 1.

Б. Ө. Орузбаева.