КЫРГЫЗ ТАЙГАНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ ТАЙГАНЫ – аңчылыкта пайдаланы­луучу ит тукуму. Тайган Борб. Азиядагы жерг. иттердин эң байыркы тукуму, жытчыл, жой­чул, көрөгөч ж-а күлүк келет. Кырг-ндын айма­гында тайгандарды байыртадан эле кармап ке­лишкен. Кыргыздардын ата-бабалары сүрөттө­гөндөй К. т. кызыл көздүү, куйругунун учу ча­гарак, өңү куу, сур, көк ж. б. О. эле кылыч сындуу, оңой бүгүлгөн куйруктуу тайгандар (таз тайган) да бар. Дөбөтүнүн бийикт. 60–70 см, канчыгы 55–65 см. К. т. аркар, тоо эчки, элик, карышкыр, түлкү, коён ж. б. аңга агытылган. Элдик аңыз кептерде аюуга, жолборско кол сал­ган тайгандардын болгондугу тууралуу маалы­маттар айтылат. Б. Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхы» эмгегин-

де 1840–50-жыл­дары бугу кыргы­зы Балбай Эшко­жо уулунун Акта­ман аттуу тайга­ны жолборс алга­нын жазса, оку­муштуу, проф. А. Алдашев: «Кыр­гыз тайганынын өтө келишимдүү, баш сөөгү бекем, тикирейген кыска кулагы, узун шыйрактары, кең көкүрөгү, ичине тартылып турган курсагы, орто узундуктагы сыртына ка­рай ийрилип турган куйругу, кыска тыбыт жүнү м-н өзгөчөлөнүшү аталган тукумдун ойноктугу­нун ж-а күлүктүгүнүн белгиси»,– дейт. К. т. үрүү адатынын жоктугу, көзүнүн кызарып турушу, тайманбастыгы, жалгыз аңчылыкка чыгышы м-н айырмаланат. 20-к-да тийиштүү көңүл бөлүнбөгөндүк К. т-нын тукумунун азайышы­на шарт түзгөн. Кинолог Р. Д. Айталиев Бай­тик айлында өз демилгеси м-н тайганды кайра жаратуу борборун түзүп, таза кандуу К. т-н ка­лыбына келтирүү ж-а көбөйтүү иштерин жүр­гүзүүдө.

Р. Айталиев.