КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН АССАМБЛЕЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН АССАМБЛЕЯСЫ – КРдеги массалык коомдук уюм. 1994-ж. 21–22- январда Кыргызстан калкынын 1-курултайында уюшулган. Өзүнө бир нече улуттук-маданий борборду: «Иттипак» (уйгур), «Азери» (азербайжан), «Вайнах» (ингуш), «Ата-Журт» (карачай), «Филия» (грек), «Наздар» (чех), «Гармония» (орус), «Мзиури» (грузин), «Минги Тау» (кабарда-балкар), «Берегиня» (украин), «Отан» (казак), «Мидия» (күрд), «Менора» (еврей), «Барт» (чечен), «Романо-Дром» (цыган), «Свитанок» (беларус) ж. б. бириктирет. Ассамблеянын максаттары: коомду бириктирүүгө аракеттенүү, респ-нын бардык жашоочуларын баш коштуруу, улуттар аралык достукту бекемдөө, калктын рухий ж-а маданий кайра жаралуусуна жардам көрсөтүү, тилди, салтты ж-а үрп-адатты өнүктүрүү. 1994-ж. 26-сентябрда Бишкек достук үйү ачылып, Ассамблеянын обл. ж-а региондук бөлүмдөрү уюшулган. Ассамблея саясий ишмердүүлүгүндө Президент ж-а Өкмөт м-н биргелешип иш жүргүзөт. Респ-да улут аралык мамилелерди жөнгө салууда Ассамблеянын салымы зор.