КЫРГЫЗСТАНДЫК 385-АТКЫЧТАР ДИВИЗИЯСЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАНДЫК 385-АТКЫЧТАР ДИВИЗИЯСЫ – Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы учурунда Фрунзе ш-нда куралган аскердик күч. Дивизиянын карамагына 1266-, 1268-, 1270-аткычтар полку, 948-артиллериялык полк, 672-зениттик айрым артиллериялык дивизион, мотоаткычтардын 447-чалгындоо ротасы, 836- байланыш, 665-сапёрлордун айрым батальону, 463-аткычтардын айрым взводу, 500-айрым авторота ж-а 470-медсанбат кирген. Туңгуч командири – полковник И. М. Савин, аскер комиссары Д. Т. Нестерук, штаб начальниги В. Н. Кораблёв болгон. Дивизия түзүлгөндөн кийин Москва ш-н коргоого катышкан ж-а күжүрмөндүүлүк м-н душманды СССР, Польшадан кууп чыгып, Эльба д-на чейин жеткен. Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн дивизия Кызыл Жылдыз, Суворов ордендери м-н сыйланып, Киричев ш-н бошотууда «Киричев» дивизиясы деген ардактуу наамга ээ болгон. Жогорку Башкы командачынын буйругу м-н 1945-ж. июнда таратылган.
Ад.: Деев В., Петренко Р. Простреленные километры (докум. повесть). Ф., 1973.