«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ – Кырг-ндын мамл., коомдук-саясий, социалдык-экон., өндү­рүштүк-тех. ж-а көркөм ад-т басмасы. 1926-ж. Кыргыз автоном обл-нын аткомунун чечими б-ча «Кыргызмамбас» (Кыргызстан мамл. бас­масы) деген ат м-н уюшулган, ошол жылы бас­ма 65 миң нускада 26 китеп ж-а китепче чыгар­ган. Басмадан В. И. Лениндин төрт эмгеги кыр­гыз тилине которулуп чыгарылган. «К.» б. аде­генде Элге билим берүү министрлигинин обл. бөлүмүнө, кийин Кыргыз Эл агартуу комисса­риатына, андан соң Кыргыз ССР ЭКСке баш ий­ген. 1945-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Сове­тинин Полиграфия ж-а басма б-ча башкарма­лыгына, 1964-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Басма б-ча мамл. к-тине, 1968-жыл­дан Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин Поли­графия ж-а басма башкармалыгына, 1972-жыл­дан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Мам­басмакомуна караган. 1964-ж. «Кыргызстан»

басмасы аталган. 1926–75-ж. 157,7 млн нуска­да 24 242 китеп ж-а китепче чыгарылган. Мын­дай көрсөткүч 1991-ж. чейин улам өсүп турган. Басманын 8 редакциясы: коомдук-саясий ад-т, экон. ад-ттар, ил.-популярдуу ж-а өндүрүштүк тех. ад-ттар, көркөм котормо, иск-во ад-ттары ж-а заказ алуу редакциясы болгон. «К.» б. Эл достугу ордени м-н сыйланган. Кийин «Акыл» акционердик коомуна айланып, 2006-ж. чейин иштеген.