«КЫРГЫЗСТАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

«КЫРГЫЗСТАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ – жүр­гүнчүлөрдү, жүктөрдү авиа жолу аркылуу ташы­ган ири компания (ААК). 2005-ж. Президент­тин указы ж-а 2006-ж. Өкмөттүн токтому м-н түзүлгөн. 2005-ж. К. а. аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (IATA – International Air Transport Association) аккредитациясынан өткөн, о. эле клиринг транспорт палатасынын


Авиакомпаниянын учактарынын бири учуу аянтында.

(Москва ш.) мүчөсү. К. а. – КРдин жүк ж-а жүргүнчү ташуучу расмий компаниясы. Анын самолёттору Кытай, Россия, Бириккен Араб Эмирликтери, Өзбекстан, Казакстан ж. б. өлкө­лөргө учат. Эл аралык (Бишкек – Дубай – Биш­кек; Бишкек –Москва –Бишкек ж. б.) ж-а өлкө ичиндеги (Бишкек – Баткен; Бишкек – Ош ж. б.) авиакаттамдары бар. Авиапаркында Ту-154, Ту-134, Ан-24 ж. б. самолёттор катталган. К. а. учуунун бардык коопсуздук талаптарын аткар­ган компания катары эсептелет. К. а. авиаби­леттери 2007-жылдан интернет аркылуу, о. эле 2011-жылдан электрондук авиабилеттерди сатуу ишке ашырылууда.

Э. Үсөнов.