«КЫРГЫЗСООДАМАШ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗСООДАМАШ» – жабык акционердик
коом (1994). 1941-ж. Россиянын Курск обл-нан Кырг-нга эвакуацияланып келген Кант з-дунун оңдоо мастерскаяларынын базасында түзүлгөн. 1942-ж. бул мастерскаялар Ново-Троицк машина куруу з-ду болуп аталган. Анда кант, пиво кайнатуучу ж-а кондитердик ө. ж. тармактары
үчүн технол. жабдуулар даярдалган. Ишкананы кеңейтүү ж-а реконструкциялоо б-ча Фрунзеде «Кыргызөнөржайдолбоор» ин-ту 1958–
59-ж. түзгөн долбоордун негизинде 1975–80-ж.
азыркы цехтер, коммуникациялар, перифериялык-аймактык тосмолор курулган. «Жаңы конуш» турак жай массиви, заводдун кызматкерлери үчүн коттедждер, пионер лагери, бала бакчалар ж. б. курулган. 1994-ж. Сокулуктагы «Соодамаш» з-ду банкрот катары жоюлуп, 1996-ж.
«Кыргызсоодамаш» ЖАК уюшулган. Ишкананын курамында 7 цех, металл кескич, куюучу, жыгач иштетүүчү, ширетүүчү, жүк көтөргүч станоктор ж-а машиналар м-н жабдылган участкалар бар.