КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТО-ГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ – ад-т, иск-во ж-а арх-ра тармагындагы Кырг-ндын көп улуттуу мад-тын байытууга ж-а жакындаштырууга чоң салым кошкон, эсте­тикалык ж-а тарбиялык таасири күчтүү, о. эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сый­лык. Алгач Кырг-н КП БКнын ж-а Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-ж. 20-ноябрдагы токтому м-н «Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйлыгы» болуп бекитилген, кийин КРдин Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-январында­гы токтому м-н «Кыргыз Республикасынын Ток-

тогул атн. мамл. сыйлыгы» болуп өзгөртүлгөн. Мамл. сыйлыкка тарбиялык мааниси мыкты, көркөмдүк баасы жогору чыгармаларды жарат­кан адамдар көрсөтүлөт. Сыйлык жеке адамга, о. эле авторлор жамаатына да ыйгарылышы мүмкүн. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма акыр­кы үч жылда, бирок сыйлыкты кезектеги ый­гарууга чейин кеминде бир жыл мурда жарыя­ланган (эл алдында аткарылган, көрсөтүлгөн, курулган) болууга тийиш. Сыйлыкка көрсөтүл­гөн чыгармаларды КРдин Ад-т, иск-во ж-а арх­ра тармагындагы Токтогул атн. мамл. сыйлык­тары б-ча к-т карап, чечим чыгаргандан кийин КР Өкмөтү Президентке бекитүү үчүн жөнөтөт. Мамл. сыйлыкты алган адамдарга «Кыргыз Рес­публикасынын Токтогул атындагы мамлекет­тик сыйлыгынын лауреаты» деген наам м-н бир­ге ыйгарылат, акчалай сыйлык, диплом, ардак белги ж-а лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына ордендер м-н медалдардын, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат.