КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ – «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан чыгарылган эки томдук китеп (1-томун К. Жусупов түзгөн 1999-; 2-томун С. Акматбекова, С. Тургунбаев, Т. Самудинов түзүшкөн 2000-ж.). 1-том «Кыргыз эл ырлары», «Элдик эпостор», «Элдик поэмалар», «Байыркы орток түрк поэзиясынан»; «IХ–XVII кылымдагы кыргыз поэзиясынан», «XVIII–XIХ кылымдагы кыргыз поэзиясынан», 2-том «Алтын чачыла», «Улуулардан жуккан сөз», «Үмүттүү толкун – жаш толкун» деген бөлүмдөрдөн турат. Сунуш кылынган чыгармалардын, авторлордун кыска таржымалдары берилет. К. п. а-нын өзгөчөлүктөрү: улуттук поэзиянын байыртадан бери келаткан көркөм мурастары биринчи жолу өтө кеңири берилген; экинчиден, ар кандай себептер м-н мурда чыгармалары басылбай келген авторлорго көңүл бурулган; чет өлкөлүк кыргыздардын чыгармалары көңүл сыртында калбаган; орток түрк поэзиясынын өкүлдөрү кошулган; жаштар поэзиясына өзгөчө маани берилген; баш сөздө кыргыз поэзиясынын тарыхы кеңири талдоого алынган.