КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ (КМИИ): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ (КМИИ) Б. Б е й ш е н а л и е в а а т н. – респ-дагы жогорку муз. билим берүүчү окуу жайы. 1967-ж. Фрунзеде уюшулган. 1974-ж. ин­тка Б. Бейшеналиеванын ысмы берилген. Аде­генде ин-тта 14 кафедрадан турган 3 ф-т (форте­пьяно – теор., вокалдык-оркестрлик, маданий­агартуу иштери) ж-а сырттан окуу бөлүмү бол­со, 1993-ж. социалдык-маданий ишкердүүлүк, хор ж-а оркестрди дирижёрлоо, театр ж-а кино

ф-ттерине 12 багыттагы 24 кесиптик адистерди [хор коллективинин, социалдык-маданий тей­лөөнүн, эл аспаптар, эстрада оркестрлеринин, фольклор ансамблинин, хореогр. коллективдин менеджерлерин, актёрдук иск-во, хореография режиссёру, үн режиссёру, адабий чыг-лык (киносценарий), театр таануу, кино таануу, муз. билим берүү, экономика ж-а башкаруу] даяр­дай баштаган. 1992-жылдан эстрада оркестрле­ринин, ансамблдердин жетекчилерин, актёр­лорду, режиссёрлорду, педагог-хореографтарды даярдайт. 1996-ж. «Музыка жана ырдоо» кафе­драсы ачылып, анда жалпыга билим берүүчү мек­тептердин музыка мугалими даярдалат. Ректор­лору: Т. Мусулманкулов, Н. Давлесов, К. Сарт­баева, К. Молдобасанов, А. Асакеев, 2000-жыл­дан С. Субаналиев.