КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР ЖАНА ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТЕАТРЫ Б. К ы д ы к е е в а а т н. 1989-ж. Бишкекте уюшулган. Туңгуч директору КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер И. Төкөлдөшев болгон. Алгачкы артисттери Москвадагы М. С. Щепкин атн. театр ин-тунун бүтүрүүчүлөрү болушкан.

Театр драматург Ж. Cадыковдун «Эр Төштүк» (реж. Б. Абдылдаев) драмасы м-н ачылган. 2004-ж. Б. Кыдыкееванын ысмы берилген. Театрда кыргыз драматургдарынын ж-а чет өлкөлүк классиктердин чыгармалары коюлууда (Б. Жакиевдин «Алтын аяк»– Н. Жүндүбаеванын «Кыз Cайкалдын арманы»– Ж. Өзүбекованын «Cаргайган күндөлүк»– Ч. Калыбекованын «Мен да бактылуу болгум келет»– Ж. Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр»– «Чыңгыз менен Бүбүсара»– Б. Өмүралиевдин «Найман эне»– У. Шекспирдин «Жайкы күндө көргөн түш»– C. Ахмеддин «Күйөө бала» ж. б.). Труппада Т. Турсунбаева– К. Медетбеков– Б. Кыдыкеева– Б. Алиев– Б. Бейшеналиев– Н. Мамбетова– Д. Байтөбөтов– А. Cарлыкбеков– К. Атамкулова– К. Осмонов, Г. Ташматова– Ш. Касымалиева ж. б. эмгектенишкен. Кийинки муундун өкүлдөрү: Ч. Калыбекова, Т. Мамытов– Р. Курманалиев– А. Эсеналиева– Н. Аскарбек кызы– А. Темирова. Театр жыл сайын таланттуу жаштар м-н толукталып турат.