КЭШ-ДИСК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЭШ-ДИСК (англ. cashe disk) – тез-тез окулуучу берилиштер үчүн бөлүнгөн RAM (RAM – англ. Randon Access Memory – эркин иштөө мүмкүнчүлүгү бар эс) эсинин бөлүгү. Борб. процессор дисктен берилиштерди сураганда, К. д-тин программалык жабдыгы берилиштерди адегенде эстин К.-д. бөлүгүнөн издейт. Эгерде иштетүүгө керек берилиштер К.-д-те жатса, алар түз эле борб. процессорго берилип, жай аракеттенген катуу дисктен берилиштер изделбей калат. К.-д-тин эсинин көлөмү андан жаңы берилиштер окулган сайын өзгөртүлүп турат. К.-д-тин программалык жабдыгы дискке жазуу аракетин натыйжалуу аткарат, мында борб. процессор бош эмес болсо, жазылуучу берилиштерди убактылуу кармап туруу мүмкүнчүлүгү бар.