КЫЧЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫЧЫ (Barbarea) – кайчы гүлдүүлөр тукумунун капусталар уруусундагы бир же эки жылдык чөп өсүмдүк. Уругунан май алуу үчүн өстүрүлөт. Ичке өзөк тамырлуу. Сабагы (бийикт. 1 мдей) тик, бутактанып өсөт, боз чаңгыл кебер м-н капталган. Ылдыйкы жалбырактары саптуу, жогоркулары сапсыз. Гүлү сары, жыттуу, узун чачык сымал. Мөмөсү саадак (уз. 3–5 см), уругу майда, кара күрөң, тоголок. 1000 уругунун салмагы 1,5–3,2 г. К-нын жаздык ж-а күздүк түрү бар. Жаздык К-нын уругунда 29–34%, күздүгүндө 45% май болот. Ал самын кайнатуу ө. ж-нда, майлоочу майга кошунду катары пайдаланылат. Тазаланган майы тамак-ашка кошулат. Кадимки К. – отоо чөп. Афганстан, Индия, Иран, Кытай, Европада дан өсүмдүк катары эгилет. Гектарынан 15–16 цден урук алынат. Зыянкечтери: жер бүргө, рапс шиш тумшугу; К. дат илдетине чалдыгат.