КЫТАЙЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫТАЙЛАР (өздөрүн хань деп аташат) – эл,
КЭРдин негизги калкы. Сингапур, Түш.-Чыгыш Азияда (Тайланд, Индонезия, Мьянма, Филиппин, Вьетнам, Камбожа, Бруней) ж-а Чыгыш Азияда [Сянган, Аомынь (Макао), Япония, Корея], о. эле АКШ, Канада, Европа, Россия, Африка, Австралия, Океанияда да жашашат. Жалпы саны 1,3 млрд киши (2000), а. и. КЭРде 1137,4 млн; Тайванда 22,5 млн; Сянганда 6,6 млн; Аомында 0,4 млн (2008). Айрым маалыматтар б-ча К. хань-тибет, малайя-полинезия, мопкхмер, тохар ж-а алтай тилдеринде сүйлөгөн көчмөн уруулардын аралашуусунун негизинде калыптанган. Синологиялык ил. пикир б-ча К-дын түпкү теги Хуанхэ д-нын орто ж-а төмөнкү
агымында б. з. ч. 4–3-миң жылдыкта Яншао,
Луншан неолит мад-тын түзгөн уруулар болгон. Б. з. ч. 21–8-к-да Кытайдын азыркы аймактарында түрдүү уруулардан турган көптөгөн мамлекеттер болгон. Батыш Чжау династиясы бийлеген доордо Хуанхэ м-н Янцзы д-нын төмөнкү агымында жашаган уруулар Хуася этностук коомун түзгөн. Чжанго доорунда Кытайда бири бири м-н жоолашкан жети бирдей падышалык
өкүм сүргөн, а. и. эң күчтүү падышалык Цинь
Шихуанди б. з. ч. 221-ж. алты падышалыкты
өзүнө багындырып, Кытай тарыхындагы туңгуч мамлекет – Цинь империясын түзгөн. Бирок көп узабай б. з. ч. 206-ж. бийликке Хань династиясы келген. Байыркы кытай эли ошол кезде калыптанган. Кытай элинин этностук
аталышы – хань да ошо династиянын аты м-н
байланышкан. 618– 907-ж. Тан династиясынын
мезгилинде Кытайдын мад-ты гүлдөгөн. Хань доорунда пайда болгон Улуу Жибек жолунун ролу артып, коңшу жашаган каршылаш элдер
м-н саясий-маданий байланыштары күчөгөн. 10–
13-к-да Сун династиясынын мезгилинде Кытай экиге (түн., түш.) бөлүнгөн. Түндүктө адегенде моңгол тилиндеги кидандар (андан орустун «китай» деген сөзү пайда болгон), андан кийин тун-

гус-манжур тилинде сүйлөгөн чжурчжендер үстөмдүк кылган. Кытай династиясы башкарган түштүккө К-дын түндүктөн келиши күчөгөн. Кытайдын азыркы аймагындагы мамлекеттерди моңголдор басып алган. Моңголдорду кууп чыккандан кийин Мин династиясы убагында (1368–1644) К-дын Хуанхэ ж-а Янцзы д-нын алаптарынан Түштүккө көчүшү уланган. Кытайдын азыркы чек арасы маньчжурдун Цин династиясы мезгилинде (1644–1911) калыптанып, 1949-ж. КЭР болуп түзүлгөн. Цин империясынын атынан К. Chiha, Чин, Кытай деп да аталат. Кытай тилинде сүйлөшөт. К. конфуцийчилик, даосизм ж-а буддизмди тутушат. О. к-да Кытайдын түн.-батыш аймактарына ислам дини, кийинчерээк христиан диндери тарай баштаган. К. негизинен дыйканчылык (күрүч, чай, пахта, таруу ж. б.) м-н кесиптенишет. К-дын тамак-ашы – негизинен күрүч, балык, эт азыктары. Аял м-н эркектин салттык кийимдери бычылышы ж-а тигилиши б-ча көп айырмаланбайт. Капталдары тилинген кыска көйнөк, кенен шым ж-а кездемеден тигилген бут кийимдерди кийишет. Көктөм, Цинмин, Дуакоу, Чжунцю ж. б. улуттук майрамдарды майрамдашат.
А. Сагынбекова.