КЫРК-БУЛАК АНДАЛУЗИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРК-БУЛАК АНДАЛУЗИ́Т КЕНИ Баткен обл­нун Лейлек р-нунда, Өзгөрүш кыш-нан 35 км алыстыкта, деңиз деңг. 3200 м бийикте жай­гашкан. 1989-ж. табылган. Андалузит негизи­нен сланецтер м-н байланышкан, аллювий-про­лювий катмарында да кездешет. Ири крис­таллдуу андалузит сланецтердин 25–30%ин түзөт. Сырьёнун 50%и зергердик андалузит бо­луп саналат. Кристаллдардын өлчөмү 4x2,5x x1,8 смден 12x1x1 смге жетип, өңү ачык күрөң, ачык боз келет. Өлчөмү 10x6x4 мм андалузит­тин тунук кристаллдарына кыр чыгарып, зер­гердик буюмдарга колдонсо болот. Запасы эсеп­телген эмес.