КЫРГЫЗ ЦИРКИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ ЦИРКИ . 1962-ж. Кыргыз ССРинин Өкмөтү м-н «Союзмамцирктин» чечими б-ча Кырг-ндагы алгачкы «Жаш Кыргызстан» цирк труппасы уюштурулуп, ага негизинен жерг. улуттардын уул-кыздары кабыл алынган. Режиссёр-коюучу ж-а жетекчиси, цирк аренасынын атактуу чебери Е. А. Чжан-Фун-Лин дайындалган. 1963-ж. труппага Э. Мамытбеков, А. Жусупов, С. Бейшебаев, Б. Кулубаев, С. Сооронбае в, М. Жу малиев, К. Лин-Чан ж. б. кабыл алынып, кыргыз улуттук циркинин алгачкы артисттери болуп калышкан. 1963-ж. 20-октябрда алгачкы жолу цирк аренасына чыгып, республиканын калкына оюн көрсөтүшкөн. Бул күн кыргыз циркинин жаралган күнү катары эсептелет. Программанын алгачкы номери улуттук оюндардын негизинде түзүлүп, анда акробатиканын, гимнастиканын элементтери колдонулган, айрым фрагменттери комуз м-н аткарылган. Оюн ийгиликтүү өткөндүктөн, «Жаш Кыргызстан» Бүткүл союздук цирктин катарына киргизилип, СССРдин аймагында: Киев, Минск, Севастополь, Архангельск, Ташкент, Ленинград шнда узак гастролдо болушкан. Москва мамл. циркинде да оюн көрсөтүшүп, труппанын бардык мүчөлөрүнө цирк чыгармаларынын Бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наам ыйгарылган. 1964-ж. К. ц-нин жаңы жамаатын даярдоо максатында эки жылдык студия ачылган. Ага кыргыз улан-кыздары тартылган, алар акробатика, гимнастика, жонглёрдук, эквилибристика, хореографияны өздөштүрүшкөн. «Гүлдөй бер, Кыргызстаным» аттуу колллектив түзүлүп, жаңы номерлер даярдалган: «Шакектеги гимнасттар» (Ж. Көбөгөнова, Б. Султанкеримов, Р. Вафеев, М. Юсупов), «Төө үстүндө па-де-де» (Ф. Мукашева, А. Жумалиев), «Шайыр ашпоз-

чулар» (А. Абылкасымов, К. Арбатоев), «Ат үстүндөгү жонглёрлор» (Д. Чокубаев), «Ийинге минген акробаттар» (М. Ачакеев, А. Айталиев, С. Жолдошев, К. Иманалиев, М. Жакыпов, М. Хусаинов, Б. Эсентаев, К. Тыныбеков ж. б.),
«Антипод» (А. Хасанова, Бейшебаева, М. Төлөмүшова), «Кыргыздын ат оюндары», «Шумкар» (Ф. Мукашева, Д. Чокубаева, Т. Төлөмүшова, А. Жумалиев, Абубакировдор, С. Урмамбетов, К. Тажибаев, В. Купрянов, Э. Өмүрбеков, Ү. Кудайбергенов, Ж. Аралбаев ж. б.), «Алкактагы аба гимнасттары» (К. Жолдошев, М. Мукашева, Ш. Сыдыкбекова, Л. Лахина, Г. Алиева). Тунгуч программаны аренага чыгарууга реж. Н. Цертелев, жетекчиси Түркмөн ССРинин эмг. сиң. арт. Н. Кочаков, балетмейстер С. Кебеков, композиторлор К. Молдобасанов, Н. Давлесов, дирижёр А. Жумакматов, жазуучу К. Жантөшев, ошол учурдагы цирктин директору Л. Иванова ж-а цирк артисттери Ю. Корнеев, Г. Осипов, И. Щербаков, Н. Павли, В. Твеленов катышкан.
Москвадан И. Девяткин тарабынан кыргыз маскарапоздору – С. Сооронбаев м-н В. Попов даярдалган. 1969-ж. «Алкактагы аба гимнасттары», «Жаш Кыргызстан» эки коллектив кошулуп, «Жаш Кыргызстан» деген ат м-н 1972-ж. чейин СССРдин шаарларында гастролдо болушкан. 1976-ж. бардык ыңгайлуулуктары бар цирктин жаңы имараты пайдаланууга берилгенден кийин манежде Союздук респ-калардын белгилүү цирк коллективдеринин театрлаштырылган ж-а техн. жактан өтө татаал программалары коюла баштаган. 1977-ж. Финляндияда К. ц. «Кыргыз ат оюндары» номерин көрсөткөн. 1980-ж. 21-декабрында «Ала-Тоо жаңырыгы» спектаклинин премьерасы цирк иск-восундагы жаңы ачылыш ж-а багыт болгон. «Легенда» (аба гимнасттары Г. Бөкөлөева, К. Арботоев), «Фрескалар» (керилген зымда бий аткаруучу Б. Токсобаева), «Жаа тарткыч» (С. Момункулова), «Кыргызстандын экзотикалык фауналары» аттракциону (жетекчиси С.Урманбетов), «Ысык- Көл» акробатикалык ансамбли (жетекчиси Р. Козубеков) жаңы программалары коюлган. 1985-жылдан «Кыргызстандын жигиттери» тобун М. Эшимбеков жетектейт. 1999-ж. Европага иштеп кетишкен. Италия, Франция, Польша, Чехия, Словакия, Германия, Америка, Израиль, Түркия, Испанияда өткөрүлгөн Эл аралык фестивалдарга катышып, келишим түзүп, жашап, иштеп жүрүшөт. 2010-ж. «Кыргызстандын жигиттери» тобу Монте-Карлодогу цирк иск-восунун дүйнөлүк 34-фестивалында 52 мамлекеттин ичинен 2-орунга ээ болушту.