«КЫРГЫЗ ФИЛЬМ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
«КЫРГЫЗФИЛЬМ» Т. О к е е в а т н. – улуттук киностудия. 1939-ж. Фрунзеде кинохрониканын кабарчылык пункту катары уюшулган. 1941-ж. Фрунзе кинохроника студиясы аталып, 1951-ж. хроникалык-документалдык фильмдер киностудиясына, 1956-ж. документалдык ж-а көркөм фильмдер киностудиясына айланган (бир катар көркөм фильмдер «Мосфильм», «Ленфильм, «Казакфильм» киностудиялары м-н биргеликте тартылган). 1957-ж. киностудиянын ө. ж. базасы кеңейтилип, айрым цехтер кайра конструкцияланган. 1961-жылдан азыркы аталышында. 1974-жылдан «Көрөгөч» сатиралык киножурналы чыккан. 1977-ж. «Хроника» чыг-лык бирик-

меси түзүлгөн, анда мультфильмдердин тех. өндүрүшү негизделген. Студия бир жылда 3 көркөм фильм, 1 телефильм, 16 хроникалык, документ, ил.-популярдык ж-а окуу фильмдерди чыгарган, 30га жакын фильмди кыргыз тилине которгон (1985). 2002-ж. «К.» студиясына Т. Океевдин ысмы ыйгарылган. 2004-ж. Улуттук статус берилген. 1990–2010-жылдары жеке менчик студиялардын өнүгүшүнө жардам көрсөткөн. Фильмдердин дээрлик бардыгы «К-дин» тех. базасында, анын катышуусу м-н пайда болду. Толук метраждуу, кыска метраждуу, даректүү фильмдер, балдарга арналган «Аралаш» киножурналы тартылган. Ар кайсы жылдарда Т. Ибрагимов, С. Койчуманов, Б. Карагулов жетектеген. 2009-жылдан директордун милдетин Т. Кулмендеев аткарат, к. Кыргыз киносу.