КЫРГЫЗ ФИЛОСОФИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ ФИЛОСОФИЯСЫ – дүйнөлүк философиянын бир бөлүгү. Анын генезиси байыркы доордо өнүгө баштап, кыргыздардын дүйнөгө болгон көз карашы, мифтери, мусулман динине чейинки ишеним ж-а эмпирикалык билимдери аркылуу калыптанган. Байыркы кыргыздардын табиятка жакындыгы, жаратылышка
өтө көз карандылыгы ж-а өндүрүштүн негизги
ыкмасынын өзгөрүшүндөгү начар динамика алардын ой жүгүртүүлөрүндөгү рационалдык тенденциялардын пайда болушун шарттаган. Бул тенденциялардын негизги өзгөчөлүгү биздин атабабаларыбыз стихиялуу түрдө таанып-билген сырткы дүйнөгө карата туюм-сезимдик мамилеси болуп эсептелет.
О. кылымдагы кыргыздардын социалдык-филос. ойлору Жусуп Баласагуни, Махмуд Кашгари, Асан Кайгы, Толубай сынчы ж-а Санчы сынчынын мурастарында, элдик оозеки чыглыкта ачык туюнтулган. Кыргыз эли эпос, дастан, ыр, жомок, макал-лакаптарга ж. б. бай, көпчүлүгү филос. идеяларга сугарылган. Жусуп Баласагуни м-н Махмуд Кашгаринин дүйнөгө болгон көз карашы 11-к-дын маданий жетишкендиктеринин синтези болуп эсептелген. Ал ошол тарыхый мезгилдин күчтүү ж-а начар жактарын салыштырып көрсөткөн.
Кыргыз элинин фольклордук чыгармалары жыйынтыгында элдин өзүн-өзү таануусун туюнткан дүйнө кабылдоонун реалисттик тенденциясы, процесстер тууралуу диалектикалык божомолдордун элементтери, дүйнөнү таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүнө болгон стихиялуу ишенимдер, позитивдүү гносеол. жалпылоолор, жалпы филос., этикалык ж-а эстетикалык түшүнүктөрдүн калыптанышы чагылдырылган.
Асан Кайгы, Толубай сынчы ж-а Санчы сынчынын мурастарында иррационалдык багыттагы идеялар м-н катар ойчулдарды табият ж-а коомдук процесстердин мыйзам ченемдүүлүгүн түшүнүүгө жакындаткан идеялар сакталган. Алардын моралынын негизги принциби кең пейилдүүлүк ж-а марттык болуп эсептелет. Асан Кайгы, Толубай сынчы ж-а Санчы сынчынын социалдык-филос. ойлорунда болмуш, адамдын жашоо проблемалары белгилүү деңгээлде акылмандуулук, эмпирикалык тажрыйбага негизделген жөндөмдүүлүк ж-а шыктуулук аркылуу каралат. Алар өздөрүнүн социалдык-филос. жалпылоолорунда идеялардан жашоо-турмуштун кубулуштарына карай эмес, реалдуу чыныгы дүйнө аркылуу ой жүгүртүүгө аракет кылышкан.
19-к-дын аягы – 20-к-дын башында социалдык-филос. ойлор андан ары өнүгүп, бул мезгил Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы өңдүү өз мезгилинин прогрессивдүү өкүлдөрүнүн ысымдары м-н байланышкан. Алардын реалисттик көз карашы кыргыз элинин социалдык-филос. ойлорунун өнүгүүсүндөгү жаңы баскыч болгон. Калыгул, Арстанбек ж-а Молдо Кылычтар дүйнөнү кабылдоодо, айрыкча адепахлактык көз караштарында реалдуу-тарыхый түшүнүктөр м-н кошо диний-мистикалык элементтер айкалышып кеткен, бирок басымдуулук кылбайт. Ойчулдар жалпысынан кыргыз элинин күндөлүк турмушунун реалдуу көрүнүшүн, жашоо-тиричилигин, өз доорунун адамдарынын дүйнө кабылдоолорундагы ж-а өз ара мамилелериндеги өзгөрүүлөрдү туура чагылдырышкан. Алардын чыг-лыгында конкреттүү табият кубулуштары, көрүнүштөрү нерселер, жеке адам ж-а көп кырдуу окуялар реалисттик өңүттөн каралат. Ойчулдар өткөндүн жакшы жактарын эстөө м-н адамдарды өздөрүнүн учурдагы абалын түшүнүүгө ж-а анын кемчилдиктерин оңдоого чакырышкан.
Фундаменталдуу билимдердин жоктугуна карабай Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо ж-а Барпынын көз караштарында көп жактуулук, кызыкчылыктардын (таламдардын) универсалдуулугу мүнөздүү. Ойчул-акындардын көз карашында позитивдүү идеялар м-н чыныгы дүйнөгө рационалдык ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү так ж-а даана көрсөтүлөт. Алар адамдын инсан катары калыптанышын ж-а анын моралдык сапаттарын аныктоочу материалдык шарттарды ачып берүүгө аракет жасашкан. Кырг-нда философия илимине профессионалдык мамиле жасоо 20-к-дын 50-жылдарынын аягынан башталган. Азыркы күндө өлкөбүздө философия илиминин тармактары ар тараптуу өнүгүүгө ээ болду. Буга А. Алтымышбаев, Б. Аманалиев, А. Салиев, А. Нарынбаев, А. Какеев, Т. Аскаров, А. Карыпкулов, А. Брудный, Т. Абдылдаев, Р. Ачылова, К. Исаев, А. Исмаилов, О. Тогусаков, Ш. Акмолдоева, Ы. Мукасов, М. Жумагулов, А. Бекбоев, Ж. Бөкөшов, Ж. Урманбетова, А. Элебаева, М. Артыкбаев, Ш. Ниязалиев, К. Ажыбекова ж. б. окумуштуулардын ил. эмгектери ачык күбө болот. Аларда философиянын урунттуу теор. маселелери терең ж-а ар тараптуу изилденген.
Ад.: Аманалиев Б. А. Из истории философской
мысли. Ф., 1963; Алтымышбаев А. А. Очерк истории
развития общественно-политической и философской мысли в дореволюционной Киргизии. Ф., 1985; Какеев А. Ч. Философская мысль в Кыргызстане: поиски и проблемы. Б., 1995; Нарынбаев А. И. Возникновение и развитие философии как науки в Кыргызстане. Б., 1999; Мукасов Ы. М. Кыргыз элинин философиялык ойломунун тарыхый динамикасы. Б., 2004.
Ы. Мукасов.