КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ – эл аралык жогорку окуу жайы. Кырг-н м-н Түркия мамлекеттеринин ортосундагы Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде 1995-ж. Биш­кек ш-нда ачылган. Ун-т эки тараптуу кели­шимдин негизинде курулгандыктан, өзгөчө ста­туска ээ жогорку билим берүүчү жай болуп эсеп­телет. Ун-ттин жогорку башкаруу органы – Камкорчулар кеңеши. Бул кеңеш англо-саксон ун-т моделинде түзүлгөн көз каранды эмес уюм катары эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда-

гы мамилелерди жөнгө салып турат. Текшерүү комиссиясы эки тараптан тең дайындалат. Көп улуттуу проф.-окутуучулук курамы Кырг-ндын ж-а Түркиянын квалификациялуу адистеринен түзүлгөн. Ун-тте 25 адистикке даярдоочу 11 ф-т ж-а 2 жогорку мектеп, окутуучулар үчүн турак­жай, студенттик жатакана, басмакана, спорт комплекстери, конгресс борбору, китепкана ж. б. иштейт. Аталган ф-ттерде ж-а жогорку мектеп­терде дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн келген студенттер билим алышат. Докторантура ж-а магистрату­ра программалары ачылган. Берилген диплом


эки мамлекет үчүн тең жарактуу болуп эсепте­лет. Ун-ттин ректорлору К. М. Молдобаев (1995– 2003), С. Кайыпов (2003–11), Себахаттин Бал­жы (2011-жылдын сентябрь айынан).