«КЫРГЫЗ ТУУСУ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

«КЫРГЫЗ ТУУСУ» – улуттук башкы гезит.
Мурда Кырг-н КП БКнын, Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин Президиуму м-н Мин. Советинин органы болгон. 1924-жылдын 7-ноябрында «Эр­кин-Тоо» деген ат м-н араб тамгасында бирин­чи саны жарыкка чыккан. Гезиттин алгачкы алты саны Ташкенттен, ал эми жетинчи саны­нан баштап Пишпектен чыгарыла баштаган. Аны чыгарууга 4 эле киши катышкан: биринчи редактору: О. Алиев, жооптуу секретары: С. Ка­рачев, кабарчысы: Х. Карасаев, корректору: М. Акматов болгон. 1927-жылдан «Кызыл Кыр­гызстан», 1956-жылдан «Советтик Кыргызстан», 1991-жылдан «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн. Коомдук-саясий, экономикалык, маданий ж-а социалдык ж. б. маселелерди камтыйт. «К. т.» Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (1958).
Башкы редакторлору: О. Алиев (1924–26), Ш. Кө­көнов (1925–27), К. Тыныстанов (1925), Т. Айт­матов (1926), Б. Исакеев (1927), К. Рахматул­лин (1927–36), А. Токомбаев (1928), С. Сарма­нов (1936–37), М. Токобаев (1937–38), М. Дөг­дүров (1940–44), А. Сопиев (1944–55), К. Кара­кеев (1946–49), Т. Усубалиев (1955–56), А. То­комбаев (1956–58), Т. Суванбердиев ( 1958–63), Н. Жаналиев (1963–70), А. Абакиров (1970–72), Ж. Турсунов (1972–86), Т. Ишемкулов (1986–93), К. Раматов (1994–96), А. Матисаков (1993–94; 1996–2005), Ж. Саалаев (2006–08), К. Молдока­сымов (2008–10), Б. Орунбеков (2005–06; 2010- жылдан).