КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТАРЫХЫ «Кыргыз тили»
деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке
өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексикалык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыскы ж-а жакынкы тектеш түрк тилдерине бирдей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени тилибиздин пайда болуп ж-а кылымдар бою
өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон,
ички ж-а сырткы таасирлердин натыйжасында
өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сактап калуу м-н бирге лексика байлыгы улам арбып, грамматикалык айрым бир кубулуштары
өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал – тарых, социология, философия, коом
таануу ж-а тил илимдерде «урук», «уруу», «эл»,
«улут» түшүнүктөрү жалпы идеол. көз-караштын өзгөрүүсү м-н ар түрдүү колдонулуп жүргөндүгү байкалат: мис., Байыркы Кытай жылбаяндарында (б. з. ч. 2-к.) «кыргыз эли» – «кыргыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы ж-дө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик адабий тил» ж-а «жазма адабий тил» деген терминдер м-н аталып айырмалангандыгы тууралуу ж-а алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула башташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар.
Бул маселелер алгач 1950–60-жылдары кыргыз тил илиминин теоретиги акад. Б. М. Юнусалиев тарабынан козголуп, Кырг-н б-ча изилденген ж-а «кыргыз диалектологиясынын негиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер м-н салыштыруу аркыл у у гана чындык к а жет ишү үгө бол ору н изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин
байыркы – «жансыз» деп эсептелген фактыларын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар ж-а алардагы жандуу көрүнүштөр м-н салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (б. а. түрк, моңгол-манжур ж-а финн-угор) катарына кирери белгилүү. Ал эми анын өнүгүү тарыхы акад. Б. М. Юнусалиевдин пикири б-ча 3 мезгилге: Байыркы, Орто ж-а Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили
7–12-к-ды камтып, кыргыздардын Енисейден
батышты көздөй жер которуп, Иртыш д-нын аралыгындагы аймактарга (б. а. Минуса ойдуңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичине алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтордун ортонку муунунан [адак – бут (нога)], этиштерде сөз аягынан [«код» – кой (поставь)] маанисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай формада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мезгилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор,
тыва ж-а тофалардын байыркы ата-бабаларынын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип
«д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандайдыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалектилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу – бардыгынын жалпы адабий тили катары эсептелген ж-а «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылыктын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозеки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү болуп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) ж-а «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлунцзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыздарында сакталып калышы жогорудагы пикирди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: козго, козут» ж-а «кой» – поставь; «айак» (орф.
«аяк») – нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт.
Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тилинен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозеки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчөлүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-к-дын орто
ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур кагандыгын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна
өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили ж-дө сөз болгондо анын абалы ж-дө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар м-н шорлордун тилдери) байкалат. О. эле байыркы кыргыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке
үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндешкен: «тогос» – девять, «козон» – заяц, «тухул» (монг. «тугал») – телёнок (салышт.: азыркы
кырг. «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» – высокий; «бир» – один;
«ж»: «жол» – дорога, «жи» – «же» – кушать.
Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» – тяжёлый; «агыс» – рот; сөздүн аягында деле – ошол тыбыш: «сарыг» – жёлтый; «суг» – вода ж. б. Бул мезгилдин аяк ченинде (11–12-к.) кыргыз тилинин
кыпчак тилдери м-н аралашуусу башталат.
2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13–
14-к-ды камтып, бул аралыкта кыргыз урууларынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн натыйжасында Түш. Алтайды көздөй көчүп, жерг. Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (б. а.
өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили
батыш «й»чыл тилге айланат, мис., «айак» –
нога; «кой» – класть, положить. Бул мезгилде
жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылыктар м-н бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай бергендиги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң башында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жайгашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. Маловдун аныктамасы б-ча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз тилинин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыргыз тилдик айырмачылыктардан башка созулма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакталып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде таптакыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лобнор тилин кыргыз тили м-н жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы ж-а азыркы түрүнө да, о. эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү:
«йол» – дорога, «йаз» – весна, «йел» – ветер.
Сөз ортосунда – «г»: «агыз» – рот, уста; «агый» – хворать, «таг» – гора. Ал эми бардык кыргыз
диалектилерине мүнөздүү «с\\з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар м-н гана эмес, хакас, тыва ж-а якут (саха) тилдерине окшоштурат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жогоруда белгиленген «з» мезгилинен калган раритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (Тянь-
Шань) мезгили 15–16-к-га туура келип, элибиздин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь- Шанга көчүп келип, андагы жерг. уруулар м-н аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун натыйжасында (мис., «чекилдек» ж-а «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгилине мүнөздүү «чигил», муну м-н семантика түзүлүш жагынан «чийкил» ж-а «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диалектилик ж-а айтымдык белгилери камтылган
өзгөчөлүктөрү м-н калыптана баштайт. Болгондо да эң байыркы белгилери көбүнчө түндүк диалектилери сакталгандыгы байкалат. Ал эми азыркы кыргыз тили жалпысынан «й»чыл тил; орунбасар ( б. а. кийин пайда болгон) созулмалар; эриндешүүсү өтө күчтүү; сөз башы «ж»чыл; сөздүн ортосунда ж-а аягында «г»нын дифтонгдошуусу же үндүүгө айланышы мүнөздүү. Ал эми лобнор тилинде «г» бардык позицияларда сакталып калгандыктан, кыргызчада анын жогорудагыдай өзгөрүүгө дуушарланышы кыргыз тилинин тарыхынын орто мезгилинин аяк ченине туура келет деп болжолдоого негиз берет.
Ад.: Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании обшенародного языка //Труды Института языка и
литературы АН Киргизской ССР. Ф., 1956; Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. Тексты и переводы. М.-Л., 1952; Убрятова Е. И. Вопросы диалектологии тюркских языков. Баку, 1963; Кычанов Е. И. Сведения в «Кань-ши о переселениях киргизов в 13 в. (публикация источников)\\ Известия АН Киргизской ССР. Серия обществ. наук-5 (история). Ф., 1963; Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношение с ойротами в 13–15 вв. н. э. Ф., 1961; Тенишев Э. Р., Орузбаева Б. О. Формирование киргизского языка. //История Киргизии (5-е изд.). Т. 1.
Б. Ө. Орузбаева.