«КЫРГЫЗСТАН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

«КЫРГЫЗСТАН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ» – Кырг-ндагы ири коммерциялык банк, ААК. 1990-ж. «Кыргызстан» АКБ, 2006-жылдан «К. к. б.» болуп түзүлгөн. Ал банк операцияла­рынын бардык түрлөрүн ишке ашырат, о. эле Кырг-ндагы коммерциялык банктар арасында баалуу металлдар м-н иш алып барган жапа­дан жалгыз банк. Кырг-нда 86 бөлүмү, банко­маттары ж-а терминалдары, акча которуунун (өлкө ж-а эл аралык) 10 системасы, 31 филиа­лы бар. Улуттук «Элкарт» төлөм системасынын катышуучуларынын лидери, о. эле эл аралык Visa International төлөм системасынын ассоциа­цияланган мүчөсү. 2003-, 2004- ж-а 2005-жыл­дары мыкты банк катары таанылган. Учурда 10 миңдей ишкананы ж-а 100 миңден ашуун кар­дарларды тейлейт.

Э. Үсөнов.