КЫРГЫЗСТАН ЖУРНАЛИСТТЕР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗСТАН ЖУРНАЛИСТТЕР СОЮЗУ – ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1959-ж. негизделген. Басма сөз, телекөрсөтүү, радиоук­турууга, журналист кадрларды даярдоо ж-а тар­биялоодогу алдынкы тажрыйбаларды жыйын­тыктоо, о. эле жайылтуу максатын көздөйт. 13 чыгармачыл секция ж-а комиссия иштейт. К. ж. с-нун Ош, Ысык-Көл, Нарын обл-нда, респ-нын борборунда бөлүмдөрү иштеп, кийин алар Жа­лал-Абад, Баткен обл-нда түзүлгөн союз баш­кармалыгынын алдындагы чыгармачыл фото­студия уюштурулган (1967). ММКларда эмгек­тенип жатышкан журналисттердин чыг-лык жигердүүлүгүн, коомдо ойногон ролун күчөтүү максатында К. ж. с. респ. газета-журналдар­дын редакциялары ж-а Телекөрсөтүү, радиоук­туруу мамл. к-ти м-н бирдикте ар кандай ба­гыттагы конкурстарды өткөрүп келген. Учурда К. ж. с-нан башка Кыргызстан журналисттери­нин профсоюзу, «Медиа өкүлчүлүк институту» сыяктуу өз алдынча аталган уюмдар түзүлгөн.
Төрагалары: Т. Суванбердиев (1958–66), А. То­комбаев (1966–71), А. Абакиров (1971–76), Ж. Турсунов (1976–86), Т. Ишемкулов (1986–93), А. Султанбаев (1993-жылдан).