КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ – Россия империясынын 19-к-дагы колониялык саясатынын бир бөлүгү. 19-к-дын орто
ченинде Россия м-н Англиянын ортосунда О. Азия үчүн атаандаштык күчөгөн. Англиянын Ост-Индия компаниялары Түш., Түш.-Чыгыш Азияга алып келген товарларынын наркын арзандатуу үчүн Кавказдан Мешхед, Мерв ш. аркылуу О. Азияга өтүүнү көздөгөн. Натыйжада
18-к-дын аягы – 19-к-дын башында О. Азия
Европадан Кытай-Индияга өтө турган маанилүү стратегиялык жолдордун бирине айланган. Орус
өкмөтү бул маанилүү соода жолун көзөмөлдөө
үчүн Сибирь ж-а Сыр-Дарыя аскер линиясын курууга киришкен. Омск–Кулжа [Омск – Семипалатинск – Көкбекти – Чугунчак (Чөйчөк) –
Кулжа] жолу 2711ден 2376 кмге узартылган. Түш. Казакстан м-н Түн. Кыргызстан, кийин Кокон, Бухара, Хива хандыктарын өз курамына киргизүү Россиянын башкы геосаясаты болгон. Ушундан улам орус өкмөтү 1813-жылдан кыргыздар тууралуу кеңири маалымат чогултууга
өткөн (к. Бубенов А. Л., Зиббернштейн Ф. К.). 19-к-дын 40-жылдары Копол, 1854-ж. Верный
чеби (азыркы Алматы ш.) курулган. Ушул жылдары Кокон хандыгынын эзүүсүнөн тажаган бугу уруусунун бийи Боронбай бир нече жолу Россия империясынын курамына кирүү ниетинде кат жолдогон; 1855-ж. 7-январда бугу уруусунун атынан Качыбек Шераалы уулунун ант берүүсүнөн кийин К. Р. к. башталган. Орус бийлиги Кырг-нды каратууну ар кыл айла-амал м-н ишке ашырган. Мис., орус аскерлери улам казактарды кыргыздарга каршылаштырып, кыргыз манаптарынын (к. Ормон хан, Жантай, Жаңгарач) ынтымагын ыдыратуу үчүн улуу жүз казактарына атайы жашыруун көрсөтмө да берген. Натыйжада Жантай башкарган тынай уруусу орус бийлигин кабыл алууга макулдук
берсе, Үмөтаалы Ормон уулу буга каршы болгон. Бишкек чебинин беги Рахматуллага каршылашкан Байтик Канай уулу орус бийлигине жакындашса, Жаңгарач орус бийлигине каршы
чыккан. Ошентсе да 1862-ж. Токмок, Пишпекти, 1863-ж. Куртка чебин караткан; Нарындагы чериктер орус бийлигин тааныган. 1864-ж. 5-июнда полковник М. Г. Черняевдин отряды (2500 аскер) Олуя-Атаны алып, отряддын бир бөлүгү Талас аркылуу өтүп, Чаткалды ээлеген. Жумгал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Нарынды жердеген саяк уруулары орус бийлигине 1865-ж. ант берген. Ушундан улам 1867-ж. Үмөтаалы да орус бийлигин тааныгандан кийин, Түн. Кырг-н толук Россия империясынын карамагына өтүп, Жети-Суу обл-на баш ийген Токмок уезди түзүлгөн (к. Кыргызстандын падышачылык мезгилдеги администрациялык бөлүнүшү). Кокон хандыгынын чептеринин (Олуя-Ата, Түркстан,
Чымкент, Ташкент) алынышы м-н Сибирь ж-а Сыр-Дарыя аскер линиясы биригип, Түш. Кыргнды каратууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1867- ж. Түркстан генерал-губернаторлугу уюшулуп, Кудаяр хан Россия м-н тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, иш жүзүндө Кокон хандыгы да Россияга көз каранды болгон. Ушул кырдаалда Кокон бийлигине каршы кыргыздардын көтөрүлүшү башталып (к. Искактын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүштөрү), Кокон ш. көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өткөн. Кудаяр хандын ордунда такка отурган Насирдин хан орус бийлигинен жардам сурап кайрылган, натыйжада орус өкмөтү 1875–76-ж. аскер киргизген.
Туруктуу орус аскери тез эле Анжиян (1876, 10- январь), Кокон (1876, 18-февраль), Асаке, Үч- Коргон ш-н ээлеген, Россиянын курамына кирүүдөн баш тарткан кыргыздар Алайга чегинген. Наманган уездинин начальниги 1876-ж. жай айларында алайлык кыргыздарды багындыруу
үчүн уюштурган куралдуу экспедициянын («Алай экспедициясы») натыйжасында алайлык кыргыз уруулары аргасыздан Россиянын карамагына өткөн (к. Курманжан датка). Алайлык кыргыздардын багынышы м-н Түш. Кырг-ндын Россиянын курамына кирүүсү аяктаган.