«КЫРГЫЗСТАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
«КЫРГЫЗСТАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ – жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү авиа жолу аркылуу ташыган ири компания (ААК). 2005-ж. Президенттин указы ж-а 2006-ж. Өкмөттүн токтому м-н түзүлгөн. 2005-ж. К. а. аба транспортунун эл
аралык ассоциациясынын (IATA – International
Air Transport Association) аккредитациясынан
өткөн, о. эле клиринг транспорт палатасынын

(Москва ш.) мүчөсү. К. а. – КРдин жүк ж-а жүргүнчү ташуучу расмий компаниясы. Анын самолёттору Кытай, Россия, Бириккен Араб Эмирликтери, Өзбекстан, Казакстан ж. б. өлкөлөргө учат. Эл аралык (Бишкек – Дубай – Бишкек; Бишкек –Москва –Бишкек ж. б.) ж-а өлкө ичиндеги (Бишкек – Баткен; Бишкек – Ош ж. б.) авиакаттамдары бар. Авиапаркында Ту-154, Ту-134, Ан-24 ж. б. самолёттор катталган. К. а. учуунун бардык коопсуздук талаптарын аткарган компания катары эсептелет. К. а. авиабилеттери 2007-жылдан интернет аркылуу, о. эле 2011-жылдан электрондук авиабилеттерди сатуу ишке ашырылууда.
Э. Үсөнов.