КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ-РОССИЯ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ Б. Е л ь ц и н а т н. (КРСУ) – эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-ж. КР ж-а РФтин ортосундагы кызматташтык ж-а эки тараптуу достук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашууга ылайык, эки мамл. ортосундагы мамл. ЖОЖ. 2004-ж. Б. Н. Ельциндин ысмы берилген. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөргө КРдин ж-а РФтин мамл. диплому ыйгарылат. 8 ф-т (табигый-тех., экон., юрид., эл аралык мамиле, курулуш дизайны ж-а арх-ра ф-ттери), 80 кафедра, 6 ил.-изилдөө ин-ту, 15 ил. ж-а билим берүү борбору, 4 лаборатория, мед. борбор, 25 эстетикалык тарбиялоо студиялары, галерея, музей ж. б. бар. Окуу бюджеттик ж-а контракттык негизде күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Структуралык бөлүмдөрүнүн башкаруу системасына шартталган негизги белгиси алардын ишке ашыруучу окуу программалардын мазмунуна, максаттарына дал келүүчүлүгү болуп саналат. Билим берүү программа-

сын модернизациялоо иштеринде, ЖОЖдордо окуу процессин методикалык жактан камсыз кылууну өнүктүрүүдө активдүү катышат. Текшерүү комиссиясы эки тараптан тең дайындалып, берилүүчү диплом эки мамлекет үчүн жарактуу болуп эсептелет. Ун-ттин уюштуруучусу ж-а ректору В. И. Нифадьев (1993-жылдан).