КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРДЕНДЕРИ ЖАНА МЕДАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРДЕНДЕРИ ЖАНА МЕДАЛДАРЫ – КРде демокр. коомду, элдердин биримдигин коргоого ж-а чыңдоого, өлкөнүн экон., интеллектуалдык ж-а рухий потенциалын арттырууга кошкон салымы, о. эле мамлекеттин ж-а элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ж. б. иштердеги сиңирген эмгеги үчүн берилүүчү сыйлыктар. Аны КРдин Конституциясына ылайык КР Президен­ти тапшырат. КР мамл. сыйлыктары м-н КРге сиңирген эмгеги үчүн чет өлкөлүк жарандар ж-а жарандыгы жок адамдар да сыйлана алышат. Мамл. сыйлыктарга татыктуу болгон адамдар КР мыйзамдарында каралган тартипте жеңил­диктерден ж-а артыкчылардан пайдаланышат. Мурда СССРдин ордендери ж-а медалдары м-н сыйланган КР жарандарынын, СССР ж-а Кыр­гыз ССРинин ардак наамдарына ээ болгондор­дун статусу, бардык тиешелүү укуктары ж-а же­ңилдиктери сакталган ж-а Советтер Союзунун Баатыры ж-а Социалисттик эмгектин Баатыры ардак наамдары КР жогорку артыкчылык да­ражалары м-н кайрадан идентификацияланган. Мамл. сыйлыктар б-ча атайын комиссия иш-


тейт. Белгилери, орден китепчелери ж-а күбөлүк­төрүнүн үлгүлөрү, о. эле сыйлыкка көрсөтүү, тап­шыруу, тагынуу, каттоо ж-а сактоо тартиптери К ы р г ы з Р е с п у б л и к а с ы н ы н Б а а­т ы р ы – эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет м-н эл алдындагы өзгөчө жеке сиңир­ген эмгеги, КР эркиндигин ж-а көз каранды эместигин коргоодо өзгөчө көрсөткөнү үчүн жа­рандарга КР Президенти тарабынан бир гана жолу ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга Ак Шумкар өзгөчө бел­гиси тапшырылат. Ак Шумкар өзгөчө белгиси сол төшкө КР ордендери м-н медалдарынын үстү жагына тагылат. М а н а с ордени м-н мамл. ж-а демокр. коомду, элдин биримдигин коргоо­го ж-а чыңдоого, өлкөнүн экон., руханий ж-а интеллектуалдык потенциалын арттырууга кош­кон салымы үчүн берилет. Орден­дин үч даражасы бар. Сыйлоо III даражасын берүүдөн башталат.
Өзгөчө учурларда Президент жа­рандарды түз эле I даражасы м-н сыйлай алат. Орден сол төшкө КР ордендери м-н медалдарынан мур­да тагылат. Д а н а к е р ордени тынчтыкты, элдер ортосундагы достукту ж-а кызматташтыкты чыңдоого, улуттар аралык ынты­макты сактоо б-ча үзүрлүү иште­ген, илимди өнүктүрүүгө, улуттук мад-ттарды жакындатууга салым кошкон жарандарга ыйгарылат. Манас орденинен кийин сол төш­кө тагылат. Б а а т ы р э н е ордени м-н жети ж-а андан ашык бала төрөгөн ж-а тарбиялап өс­түргөн же балдары Кыргыз Рес­публикасынын Баатыры эң жо­горку артыкчылык даражасына татыктуу болгон энелер сыйла­нат. Орден сол төшкө КРдин ме­далдарынан мурда тагылат. Эр­дик медалы адамдарды сактап ка­лууда, коомдук тартипти сактоо­до, кылмыштуулукка каршы кү­рөшүүдө, бөөдө кырсыктардан, өрт, апаат ж. б. өзгөчө кырдаал­дарда, о. эле өмүргө коркунуч кош­толгон шартта аскердик, кызмат­тык ж-а жарандык парзын атка­рууда каармандык ж-а чечкиндүү иш-аракет көрсөткөн жарандар сыйланат. Сол төшкө КРдин ор­дендеринен кийин тагылат. Д а ң к медалы м-н мамл. кызматтагы, өндүрүштүк, ил.-тех., чыгарма­чыл, тарбиялык, коомдук ж-а кайрымдуулук ишиндеги олуттуу жетишкендиктери үчүн жарандар сыйланат. Сол төшкө Э р д и к медалынан кийин тагылат. К ү­ж ү р м ө н к ы з м а т ө т ө г ө н д ү г ү ү ч ү н медалы КР Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары, КРдин Улуттук коопсуздук кеңешинин, ИИМдин, Өзгөчө кырдаалдар ж-а жарандык коргонуу ми­нистрлигинин, Мамл. коргоо кызматынын, ас­кер прокуратурасынын ж-а аскер сотторунун кызматчылары ж-а аттестацияланган кызмат­керлери кызмат милдеттерин ак ниет аткарган­дыктары, күжүрмөн ж-а саясий даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланат. 2 дара­жасы бар: I даражасы 20 жыл ж-а андан ашык, II даражасы 15 жыл ж-а андан ашык мезгил кынтыксыз аскер кызматын өтөгөндүгү үчүн КРдин эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылат. Сол төшкө Даңк медалынан кийин тагылат. Ы. Кадыров.