КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ И. А р а б а е в а т н. – жогорку окуу жайы.
Кыргыз ССР БАКтын токтому м-н 1945-ж. Фрунзе ш-нда кыз-келиндер пед. окуу жайы болуп түзүлгөн. 1950-ж. Кыргыз кыз-келиндер­дин мугалимдер ин-ту болуп өзгөртүлгөн. Ал


ин-ттун базасында 1952-ж. В. В. Маяковский атн. Кыз-келиндер пед. ин-ту түзүлгөн. КР Пре­зидентинин жарлыгы м-н 1992-ж. И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. ин-туна (КМПИ), 1994-ж. КР Өкмөтүнүн токтому м-н И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. ун-тине (КМПУ) өзгөр­түлгөн. 2005-ж. И. Арабаев атн. КМУ статусуна ээ болгон. КМУда 1000ден ашуун окутуучулар иштеп, а. и. 250гө жакын илимдин докторлору ж-а кандидаттары эмгектенишет. 160 докторант, аспирант ж-а магистранттар, 15000ден ашуун студент окуйт. Ун-тте 56 кафедра, 9 ин-т (Гума­нитардык билим берүү ин-ту; Жаңы информа­циялык технологиялар ин-ту, Кадрларды кай­ра даярдоо ж-а билимин жогорулатуу ин-ту; Лингвистика ин-ту; Мамл. тил ж-а мад-т ин­ту; Педагогика ин-ту; Тарых ж-а социалдык­укуктук билим берүү ин-ту; Экономика ж-а ме­неджмент ин-ту; Экология ж-а туризм ин-ту), 2 ф-т (Биология ж-а химия; Чыгыш таануу ж-а эл аралык мамилелер), 1 коллеж, 3 кесиптик орто билим берүү бөлүмү; 2 лицей (Гуманитар­дык ж-а Чыгыш таануу) бар ж-а 58 адистик кесипке даярдоо ишке ашырылат. Ректорлору: А. О. Жолдошева (1945–50), Ж. Мусаева (1951– 54), К. Токтомамбетова (1954–63), Н. Х. Абдуа­зизова (1963–76), Ж. С. Татыбекова (1977–87), Р. А. Ачылова (1987–92), З. Курманов (1992–94), А. А. Бөрүбаев (1994–98), А. А. Бекбалаев (1998– 2001), А. А. Асанканов (2001–05), А. А. Бек­боев (2005–10), 2011-жылдан Т. А. Абдырахма­нов.

Т. А. Коңурбаев.