КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ (КМДТСА) –
Кырг-нда спортчуларды, машыктыруучуларды ж-а дене тарбия мугалимдерин даярдоочу ЖОЖ. 1955-ж. КМУнун дене тарбия ф-тинин базасында уюшулган. Имараты 1964-ж. курулган (арх. Е. Г. Писарской). Академияда педагогика, спорт, баштапкы аскердик даярдоо, адистерди кайра даярдоо ф-ттери, сырттан окуу ж-а даярдоо бөлүмдөрү, адистештирилген 16 кафедра (жеңил атлетика, туризм жана сууда сүзүү спортунун түрлөрү, күрөш, спорттун улуттук түрлөрү, футбол, спорттук медицина, педагогика, психология, дене тарбия тарыхы ж-а менеджмент ж. б.), 400 орундуу эки жатакана, лыжа ж-а турист-

тик база, жеңил атлетика стадиону, сууда сүзүү үчүн бассейн, адистештирилген гимнастика, оор атлетика, күрөш, бокс, баскетбол, волейбол залдары, ил. лабор., китепкана бар. Жеңил атлетика ж-а футбол манеждери иштейт. Окуу жайда 129 жогорку классификациялуу адис, а. и. 4 илимдин доктору, 37 кандидаты, 32 доцент, 5 проф., СССРдин ж-а КРдин эмг. сиң. 16 машыктыруучусу, элге билим берүүнүн 35 отличниги, КРдин илимге, маданиятка эмг. сиң. 7 ишмери ж. б. эмгектенет (2012). Уюшулгандан бери жогорку билимдүү 15 миңден ашуун адис даярдалган. Ил. иштер тоолуу региондун факторлорун эске алган спорттук машыгууларды ж-а дене тарбия иштеринин өзгөчөлүктөрүн изилдөө м-н байланышкан. 1995-ж. Жалал-Абадда филиалы ачылып, анда жалпысынан 350дөй студент билим алат. КМДТИнин алгачкы ректору Л. Ф. Егупов (1955–59-ж. болгон), 2009-жылдан – Т. Иманалиев.