КӨЧМӨНДҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЧМӨНДҮК , н о м а д и з м (гр. nomas, nomados – көчүү, көчүп жүрүүчү) – калк тири­чилигинин малчылык м-н байланышкан тур­муш образынын өзгөчө формасы. Отурукташпа­ган, бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн көчмөн элдин турмушу. Б. з. ч. 2-миң жылдык­тын аягы – 1-миң жылдыктын башында эмгек­тин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында же Ев­разиянын тоо-талаа жерлеринде жашаган уруу­лардын көчмөн малчылыкка өтүшүнө байла­ныштуу К. пайда болгон. К-кө өтүү мал башы­нын көбөйүшүн, ээн жерлердин өздөштүрүлүшүн, уруу аралык байланыштардын өөрчүшүн шарт­таган. Адегенде Азиянын Кара деңиз жээктери­нин, Түн. Африканын тоо-талааларын мекен­деген көчмөн чарбаларда кой, эчки, төө, жыл­кы багылган; кийинчерээк Арктика аймагында көчмөн бугу чарбасы пайда болгон. О. Азиянын негизги урууларында чоң аймактарга көчүп­конуп жүрүүчү чыныгы көчмөн чарбалар 10–11- к-да калыпка салынган. Жер шартына жараша К-түн негизги үч түрү болгон: 1) «меридиандык» (казактар сыяктуу малды жайында түндүккө, кышында түштүккө сүрүү) көчүү; 2) «чөлдүк» (түркмөндөр сыяктуу малды кудуктан кудукка