КӨЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЧ – бир орундан экинчи орунга конуш кото­руу үчүн келе жаткан жүк, кире; Жайлоого көчүүнүн өзүнчө каада-салты, шаан-шөкөтү бол­гон. Таң заардан туруп, көчкө камынышкан.
Үйлөрдү чечип, кереге-уук, үзүк-туурдуктарды өз-

өзүнчө таңып, төө, топоз, ат, өгүздөргө жүктөш­көн. Аксакал карыялар, байбичелер көч баш­ташкан. Артынан келиндер бала өңөрүп, кыздар аларды жандап, уул балдар кунан-тайын минип, жигиттер мал айдап жөнөшкөн. Кыргыз көчү өзүнчө эле салтанатка айланган. Жол боюндагы айылдардын эли тосо чыгып, «Көчүң байсалдуу болсун!» дешкен. Кыз-келиндер «ак жалгасын» деп ырым кылып, ак (айран, кымыз) сунушкан, чын пейилден тыныгып кетүүлөрүн өтүнүшкөн. Көчүп бараткандар сунулган аякты (же кесени) адегенде ат жалына тийгизип, андан кийин гана жутушкан. Алардын кең пейилине, кайрымдуу­лугуна, меймандостугуна ыраазычылык билди­рип, ак бата берип, жолун улантышкан.