КӨТӨРМӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨТӨРМӨ (1900-ж. чейин Ү ч - К о р г о н) – Ош обл-нун Ноокат районундагы кыштак. Кыргыз-Ата айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1510 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 7 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 47 км. Калкы 2974 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, амбулатория ж-а медпункт бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.