«КӨР УУЛУ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

«КӨР УУЛУ» – О. Азия, Кавказ ж-а Ж. Чы­гышка таралган фольклордук чыгарма. 16-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Анын эки версия­сы бар. Бири Батышка (армян, түрк, азербай­жан, грузин версиясы), экинчиси Чыгышка (түркмөн, өзбек, казак, тажик версиясы) тарал­ган. Батыш версиясы б-ча каарман – атасын сокур кылган зулумдан өч алуучу (Көр уулу де­ген ушундан калган) элдик баатыр ж-а төкмө ырчы. Мында окуя өзүнчө аңгеме түрүндө баян­далат. Аңгемелер лирикалык ж-а эпикалык ырлардан куралган кыстырмалар м-н айкалыш­та берилет. «К. у.» жарым-жартылай тарыхый, жарым-жартылай уламыш мүнөзүнө ээ. Тары­хыйлыгына 16–17-к-дагы документтер күбө (мис., армян тарыхчысы Аракел Тавризскийдин Стамбул китепканасындагы архив материалы). Түрк версиясы б-ча (Ж. Чыгышта) «К. у.» ча­кан повесть түрүндө калыптанган. Анын каар­маны – жерг. феодал Болубийге каршы күрөш­көн качкын. О. Азия версияларынын Батыш­тыкынан айырмаланган белгилери баш каар­ман энесинен көрүстөндө туулган үчүн Көр уулу аталган, тектүү жерден чыккан адилет башчы болот; кырк чоросу м-н мекенин коргоп, коңшу феодалдарга каршы согушат. «К. у-нун» бардык версияларында каарман теңдик м-н бир тууган­дык өкүм сүргөн Шамлыбел деген ажайып өл­көдө жашаганы айтылат. О. Азия версиялары жомоктук, фантастикалык көрүнүштөргө бай. «К. у-нун» образы аркылуу элдин баатыр, ка­лыс ж-а чынчыл падыша ж-дөгү идеалы бе­рилген.