КӨРКӨМ ГИМНАСТИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨРКӨМ ГИМНА́СТИКА – спорттун бир түрү; аялдардын гимнастика ж-а бий айкалыштырылган түрдүү ийилме ж-а ыкчам кыймылдары музыканын коштоосу ж-а тасма, топ, аркан сыяктуу буюмдун жардамы м-н, кээде ансыз эле аткарылуучу мелдеши. К. г-нын дене чыңдоо м-н катар эстетикалык тарбия берүүдө да мааниси чоң. Дүйнөнүн чемпионаты 1963-жылдан 2 жылда бир өткөрүлөт. Кырг-ндын спортчулары 1968- жылдан СССРдин биринчилигине катышкан. Республикада К. г-нын Л. Иванова, Л. Абдукаримова, Л. Войтюк, И. Литвинова ж. б. өңдүү чеберлери бар. 1984-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына киргизилген, к. Гимнастика.