КӨПҮРӨ-БАЗАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨПҮРӨ-БАЗАР – Талас районундагы кыштак.
Р. Айдаралиев атн. айыл округуна караштуу. Каракол суусунун боюнда, деңиз деңг. 1320 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 70 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 166 км. Кыштак 1956-ж. орношкон. Калкы 4714 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, 2 ки­тепкана, клуб бар. Оорукана, дарыкана, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамак­тануучу жайлар, мончо иштейт. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган.