КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК – чекити жок өзгөчө сызык ж-а бет түшүнүгүн ченөөдө каалаган санда тактоочу ж-а жалпылоочу матем. түшүнүк. Жалпысынан К. т-тү сызыктуу мейкиндиктер м-н теңдештирүүгө болбойт. Анда нөлдүк элемент жок ж-а элементтерин кошуу, санга көбөйтүү амалдары аныкталган эмес. Айлана м-н сфера – К. т-кө эң жөнөкөй мисал. Алар түз сызык ж-а тегиздиктен кескин айырмаланат. Айлана м-н сферанын каалагандай чекиттеринин эң кичине бөлүгүн түз сызык ж-а тегиздик катары кароого болот. К. т. илимдин башка тармактарында да кездешет. Мис., космологияда аалам түзүлүшүн изилдөөдө 4 өлчөмдүү мейкиндик, механикада фазалык мейкиндик, динамикалык системаларда геом. өзгөртүүлөр тобу катары каралат. К. т. ар түрдүү жолдор м-н аныкталат же баяндалат.