КӨПТҮК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨПТҮК – математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири; бир бүтүн нерсе катары каралуучу кандайдыр бир түрдүү объектилердин же элементтердин жыйнагы. Жаратылыштагы каалаган объектилер К. боло алат. Мис., шаар калкы, үйлөр, тегиздиктеги чекиттер, чарбактагы бак-дарактар ж. б. Сандан турган К. сан К-ү деп аталат. Эгерде К-түн элементтерин саноого мүмкүн болсо, ал {а, b,...} К. м-н белгиленет (к. Көптүктөр теориясы). Эки К-түн (А, В) жок дегенде бирине тиешелүү болгон бардык элементтерден турган К. К-төрдүн биригүүсү (С) деп аталып, С=АuВ деп белгиленет. К-төрдүн кесилиши – бир эле мезгилде А көптүгүнө да ж-а В көптүгүнө да тиешелүү болгон элементтерден турган (С) К-ү ж-а С=АnВ түрүндө белгиленет.