КӨП КЛЕТКАЛУУЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨП КЛЕТКАЛУУЛАР – денеси көп клеткадан ж-а клетка аралык заттан турган татаал түзүлүштүү организмдер (жаныбарлар, өсүмдүктөр, козу карындар). К. к-дын мүнөздүү белгиси – денесин түзгөн клеткалардын түзүлүшү ж-а мааниси б-ча бирдей эместиги. Алар түзүлүшүнө, татаалдыгына жараша бир бүтүн организмдеги ар түрдүү функцияларды аткаруучу ткандарды ж-а органдарды түзөт. Буларга, жеке өөрчүү – онтогенез (вегетациялык көбөйүүнү эске албаганда), бир клеткадан бөлүнүү (зигота, спора) мүнөздүү. Кээ бир колониялуу организмдердин түзүлүшүнүн эволюциянын жүрүшүндө татаалданышынын (көп ядролуулук, колониялуулук) негизинде келип чыккан болушу мүмкүн.