КӨП ГРАНДЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨП ГРАНДЫК – бардык жагынан жалпак көп
бурчтуктар, б. а. грандары м-н чектелген геом. нерсе. Көп бурчтуктун грандарынын жактары

К. г-тын кыры, ал эми кырынын учу К. г-тын чокусу деп аталат. Грандарынын саны б-ча төрт, беш ж. б. К. г-тар болуп айырмаланат. К. г. толугу м-н гранынын тегиздигинин бир жагында жайгашса, анда ал томпок деп аталып, анын грандары да томпок болот. Томпок К. г. мейкиндикти сырткы ж-а ички бөлүккө бөлөт. Тескерисинче, томпок нерсенин бети көп грандуу болсо, К. г. да томпок болот. Эгер К. г-тын бардык грандары бирдей, туура (конгруэнттүү) көп бурчтук болуп, чокусундагы бардык көп грандуу бурчтары барабар болсо, анда ал туура К. г. (П л а т о н т е л о л о р у , 1–5 сүрөт) деп аталат. Туура К. г-тын бардык көп грандуу бурчтары туура ж-а барабар болот. Туура К. г-тын түрлөрү: туура тетраэдр, куб, октаэдр, додекаэдр ж-а икосаэдр. Илимде мындан башка жарым туура К. г-тар ( А р х и м е д т е л о л о р у, 10–24-сүрөт) бар. Кайчылаш жактары түгөйлөш параллель болгон К. г. томпок п а р а л л е л о э д р же Ф ё д о р о в т е л о с у деп аталат (25– 29-сүрөт). К. г-ты аныктоодо дагы бир туура томпок эмес көп грандыктын 4 түрүн көрсөтүүгө болот (П у а н с о т е л о л о р у, 6–9-сүрөт).