КӨП БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН КВАНТТЫК ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨП БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН КВАНТТЫК ТЕОРИЯСЫ – кванттык теориянын үч ж-а андан көп бөлүкчөдөн турган системаны изилдөөгө арналган теориясы. Кванттык механикада N бөлүкчөдөн турган система бардык бөлүкчөлөрдүн координаталарына ж-а ар бир бөлүкчөнүн абалын берүүгө зарыл болгон башка бардык чоңдуктарга көз каранды толкун функциясынын жардамы м-н жазылат. Эгер мындай система чоң системанын бөлүгү болсо, анда аны жазуу тыгыздык матрицасынын жардамы м-н жүргүзүлөт. Кванттык ж-а классикалык теорияда көп нерселердин маселесин так чечүү кыйла кыйынчылыктарды туудурат. Ошондой болсо да Паули принциби б-ча симметриянын жалпы касиеттерин көргөзүүгө болот. Жарым бүтүн спиндүү кандайдыр бир сандагы бирдей бөлүкчөлөрдөн турган системалар (фермиондор) үчүн толкун функциясы антисимметриялуу, б. а. эки бөлүкчөнүн өзгөрмөлөрүнүн ордун алмаштырганда, анын б елгис и кар ам а-к ар шыга өзгөрөт. Бүтүн спиндүү системалар (бозондор) үчүн мындай орун которуштурууда толкундук функциянын белгиси өзгөрбөйт, б. а. толкундук функция симметриялуу болот. Фермиондор м-н бозондор симметриясынын касиеттеринин айырмасы бул эки типтеги бөлүкчөлөрдөн турган системалардын мүнөздөрүнүн сапаттык айырмачылыгын аныктайт, мис., алардын абалдар б-ча бөлүштүрүлүшү Бозе-Эйнштейн статистикасына (бозондор үчүн) ж-а Ферми – Дирак статистикасына (фермиондор үчүн) баш иет. Көп бөлүкчөлөр маселесин чечүүдөгү жакындаштырылган ыкмалар талаанын кванттык теория кеңири колдонулгандан тартып кыйла натыйжага ээ болду. Мис., катуу нерсенин нөлдүк абс. темп-радагы энергиясы минималдуу болгондуктан, ал вакуумдук абалда жайгашат. Катуу заттын дүүлүгүүсүн (мис., ысытканда), элементардык дүүлүгүүлөрүнүн ар бир энергияга, импульска ж-а спинге ээ болгон кванттардын пайда болушу катары караса болот.