КӨП БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН КВАНТТЫК ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨП БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН КВАНТТЫК ТЕОРИЯСЫкванттык теориянын үч ж-а андан көп бөлүкчөдөн турган системаны изилдөөгө ар­налган теориясы. Кванттык механикада N бөлүкчөдөн турган система бардык бөлүк­чөлөрдүн координаталарына ж-а ар бир бөлүк­чөнүн абалын берүүгө зарыл болгон башка бар­дык чоңдуктарга көз каранды толкун функ­циясынын жардамы м-н жазылат. Эгер мын­дай система чоң системанын бөлүгү болсо, анда аны жазуу тыгыздык матрицасынын жардамы м-н жүргүзүлөт. Кванттык ж-а классикалык тео­рияда көп нерселердин маселесин так чечүү кый­ла кыйынчылыктарды туудурат. Ошондой бол­со да Паули принциби б-ча симметриянын жал­пы касиеттерин көргөзүүгө болот. Жарым бүтүн спиндүү кандайдыр бир сандагы бирдей бө­лүкчөлөрдөн турган системалар (фермиондор) үчүн толкун функциясы антисимметриялуу, б. а. эки бөлүкчөнүн өзгөрмөлөрүнүн ордун алмаш­тырганда, анын б елгис и кар ам а-к ар шыга өзгөрөт. Бүтүн спиндүү системалар (бозондор) үчүн мындай орун которуштурууда толкундук функциянын белгиси өзгөрбөйт, б. а. толкун­дук функция симметриялуу болот. Фермиондор м-н бозондор симметриясынын касиеттеринин айырмасы бул эки типтеги бөлүкчөлөрдөн тур­ган системалардын мүнөздөрүнүн сапаттык айыр­мачылыгын аныктайт, мис., алардын абалдар б-ча бөлүштүрүлүшү Бозе-Эйнштейн статистика­сына (бозондор үчүн) ж-а Ферми – Дирак стати­стикасына (фермиондор үчүн) баш иет. Көп бөлүкчөлөр маселесин чечүүдөгү жакындашты­рылган ыкмалар талаанын кванттык теория кеңири колдонулгандан тартып кыйла натый­жага ээ болду. Мис., катуу нерсенин нөлдүк абс. темп-радагы энергиясы минималдуу болгондук­тан, ал вакуумдук абалда жайгашат. Катуу зат­тын дүүлүгүүсүн (мис., ысытканда), элементар­дык дүүлүгүүлөрүнүн ар бир энергияга, импульс­ка ж-а спинге ээ болгон кванттардын пайда бо­лушу катары караса болот.