КӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңир-Тоодо, Тескей
Ала-Тоо (түндүгүндө) м-н Көөлү (түштүгүндө) тоолорунун аралыгында субмеридиан багытында
жайгашкан. Ак-Суу районунун аймагында. Аянты 844 км2. Уз. 51 км, туурасы 2-4 км. Бийикт.
2800-4000 м. Суунун тепши сымал тектирлеринен турат. Оң өндүрүнүн орто ж-а төмөнкү бөлүгү
тик, нымдуу, сол капталы жантайыңкы ж-а
кургак. Өрөөндүн жогорку бөлүгү кененирээк.
Климаты континенттик. Жылдык орт. темпрасы -1,8°С, январдыкы -19,6°С, июлдуку
10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 308 мм. Кышында кар жокко эсе. Шамал батыштан согот. Аймагынын 30%ин мөңгү каптап жатат. Ирилери: Каракол-Төр, Кара-Төр, Ашуу-Төр, Сары-Чат,
Моло. Катаал климаттык шарттарда көп жылдык тоң катмары пайда болгон. Чоң суусу -
Көөлу. Өрөөндүн ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгүнүн
тескей беттериндеги (2800-3000 м) каралжын
токой топурагында шренк карагайы, тал, караган, доңуз сырты, кара кыяк; сол өндүрүндөгү
тоо-талаа каралжын топурагында шыбак, кылкандуу чөптөр, көдөө, төө сойгок 1өсөт. Субальп
алкагындагы (3000-3400 м) тоо-шалбаалуу талаа ж-а талаа коңур топурагында доңуз сырты, кара кыяк, коңурбаш, кымыздык, таран,
кылкан чөп көбүрөөк; альп алкагындагы (3400-
3700 м) тоо-шалбаалуу каралжын чым-көңдуу
топурагында доңуз сырты, кийик от, кылкандуу чөптөр ж. б. өсөт. Гляциалдык-нивалдык
ландшафттарда ташка жабышкан эңилчек
кездешет. Өрөөндө Ыссык-Көл обл-ндагы Ак-Суу
районунун малы кыштайт. Тоют сактоо базалары, метеорол. станция бар. Өрөөндүн орто бөлүгунө чейин машина жүрүүчү кара жол салынган.